ИНДУКЦИЯЛЫК НАСОС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:36, 26 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДУКЦИЯЛЫК НАСО́С – электр-магнит күчүнүн жардамы м-н электр өткөргүч суюктук­ту (адатта эриген металлдарды) которуп туруу­чу магниттик гидродинамикалык насос; электр­магнит күчү индуктордун магнит талаасы (на­сос аркылуу өтүп, суюктук м-н индукциялан­ган) м-н электр тогунун талаасынын өз ара ара­кеттенишинин натыйжасында пайда болот. Бул насос магниттик гидродинамикалык насостун бир түрү болуп эсептелет. Суюк щелочтуу ме­таллдарды 1000°С ж-а андан ашык температурада бере алат. Конструкциясына карата спиралдуу ж-а сызыктуу болуп экиге бөлүнөт. Ал ядролук энергетика, металлургия ж. б. тармактарда колдонулат.