ИНДИ ОКЕАНЫНДАГЫ БРИТАНИЯ АЙМАГЫ
ИНДИ ОКЕАНЫНДАГЫ БРИТАНИЯ АЙМАГЫ Индиядан түштүктө, Инди океанындагы Чагос архипелагында. Аймак 6 атоллду ж-а 56 аралды камтыйт. Башкы аралы – Диего-Гарсия. Климаты тропиктик деңиздик; ысык, нымдуу; толкундуу шамал тез-тез болуп турат. Аралды 16-кылымдын башында португалиялыктар ачкан. Император Наполеон 1814-жылы басып алганга чейин француздардын башкаруусунда болгон. Андан соң англичандарга өткөн. Англиянын Маврикий аралдар тобунун курамына кирген аралдар 1966-жылы көз каранды эместикке ээ болуп, Сейшель аралынын курамына өткөн. 1976-жылы 23-июнда Чагос архипелагы Сейшель а-нан өзүнчө бөлүнүп, Инди океанындагы Британия аймагын түзгөн. Калган аралдары ээн. Диего-Гарсия аралы деңиз деңгээлинен 4 м бийиктикте. Анын чыгыш бөлүгүнүн табиятына кол тийбестен сакталып келүүдө. Аралда адамдын чарбалык ж. б. иш аракетине тыюу салынып, илимий-изилдөө иштери гана жүргүзүлөт. Аймакты Улуу Британия королевасы башкарат. 1971-жылга чейин копра өндүрүлгөн. Диего-Гарсия аралында АКШнын аскер-деңиз базасы курулган. Тейлөө кызматында ондогон англичандар иштейт. Аралдардын көбүндө жол салынган эмес; Диего-Гарсия аралында аскерлер турган порт м-н аэродромдун аралыгында кыска жол бар. Тейлөө кызматкерлери велосипед м-н катнаш жасайт. Аралдын экономикасына байланыштуу иш-чаралар Диего-Гарсияда жүргүзүлөт. Калган аралдары ээн болгону м-н балык кармалат (жылына млн долларга жакын киреше алып келет). Жапайы эшектер (сырттан алынып келинген) көп кездешет. Ошондой эле краб, сойлоп жүрүүчүлөр да бар. Тропик куштары мекендейт.
Ад.: Все о странах мира, атлас – спровочник. Санкт- Петербург, 2006.
Р. Карачалова.