ИНДИ ОКЕАНЫ 2-БӨЛҮК
ИНДИ ОКЕАНЫ 2-БӨЛҮК
дуу шурулар (кораллдар) ж-а гидрокораллдар мүнөздүү. Жээгинин көп бөлүгүн мангр бадалдары ээлейт. Мелүүн алкактын материктик тайыздыктарында кызыл ж-а күрөң балырлар (ламинарий, фукус, макроцистис) бар, омурткасыздарга бай. Океандын ачык мейкиндиктеринде, өзгөчө суунун 100 м тереңдикке чейинки катмарында бир клеткалуу планктон, ал эми Араб деңизине көгүш жашыл балырлар мүнөздүү. Инди океанынын жандыктарынын көбүн ракча-копепод (100дөн ашык түрү), канат буттуу моллюска, медуза, сифонофор ж. б. түзөт. Бир клеткалуулардан – танаптуулар, балыктардын көп түрү – учуучу балык чоң ж-а майда тунец, желбирек канаттуу балык, акула ж. б. бар. Кальмарлар көп. Ири деңиз сүт эмүүчүлөрүнөн – дюгон, тиштүү ж-а тишсиз киттер, калак буттар кездешет. Канаттуулардан альбатрос, фрегат, пингвиндер мүнөздүү. Жээк боюнда гана балык кармалат (дүйнөдө кармалган балыктын 5%и). Негизги өнөр жай тукуму – тунец. Антарктика сууларында балыктын антарктикалык түрүнүн өнөр жай тукуму бар. Нефть (Перс булуңунда), бермет, седеп (Шри-Ланка, Бахрейн аралында ж-а Австралиянын түндүк-батыш жээгинде) алынат.
Инди океанына дүйнөлүк жүк ташуунун 10%и туура келет. Ал аркылуу Европа, Азия, Австралия, Африка, ошондой эле Американын портторун байланыштыруучу маанилүү деңиз жолдору өтөт. Ири порттору (жүк ташуу боюнча): Аден (Йемен), Мумбаи, Калькутта (Индия), Карачи (Пакистан), Читтагонг (Бангладеш), Коломбо (Шри-Ланка), Янгон (Мьянма), Рангун (Бирма), Рас-Таннура (Сауд Арабиясы), Харк, Бендер-Аббас (Иран), Фао (Ирак), Эль-Кувейт (Кувейт), Дар-эс-Салам (Танзания), Могадишо (Сомали) Фримантл, Аделаида, (Австралия), Дурбан (ТАР).
Инди океанында башка океандардай эле экологиялык көйгөйлөр бар; алардын эң башкысы – деңиз экосистемасына адам таасиринин күчөшү. Океан суусун булгаган негизги булактар: нефть (дүйнөдөгү нефтинин запасынын 2/3 си Жакынкы ж-а Ортоңку Чыгышта топтолгон. Перс булуңунан өндүрүлгөн нефть Инди океаны аркылуу Батыш Европа, Түндүк Америка өлкөлөрүнө ж-а Японияга ташылат. Ири танкерлердин кырсыкка учурашынан ж. б. түрдүү себептерден агып чыккан нефть океан суусун булгап, Инди океанынын түндүк, түндүк-чыгыш ж-а батыш акваторияларынын бетинде көбүнчө жука кабыкчаны пайда кылат); оор металлдар (сымап, коргошун, кадмий ж. б. океан суусуна атмосфералык ж-а агын суулар аркылуу кошулгандыктан, бардык жеринде кездешет); уулуу химикаттар (айыл чарбасында кеңири пайдаланылган минералдык жер семирткичтердин, уулуу химикаттардын ж-а аларды өндүргөн өнөр жай ишканаларынан чыккан таштандылардын океанга кошулушу), контейнерге салынып океан түбүндө сакталган түрдүү уулуу заттар ж-а радиоактивдүү калдыктар ж. б. Мындай булгануу бара-бара жалпы эле Жердин географиялык кабыгына алаамат залал тийгизиши мүмкүн. Кийинки мезгилде Инди океанынын алабындагы өлкөлөр океанды коргоо максатында бирдиктүү аракеттерди жасоодо.
Инди океанында уюшулган деңиз резерваттары (парктары) деңиз экосистемасын коргоо – табиятты ж-а табигый ресурстарды калыбына келтирүү м-н гана чектелбестен, ошондой эле жергиликтүү элдин ж-а туристтердин табиятты коргоо боюнча билим алуусунда да мааниси зор. Деңиз резерваттары Кувейт, Бириккен Араб Эмирликтери, Египет, Эфиопия, Кения, Мьянма, Индия, Шри-Ланка ж. б. өлкөлөрдө уюшулган. Алардын ичинен эң белгилүүлөрү: Эфиопиядагы «Дахлак аралдары» улуттук деңиз паркы (Кызыл деңиздин фаунага бай ири аймактарынын бири; 1968-жылы уюшулган); Кениядагы Малинди ж-а Вашаму резерваттары (техникалык жактан жакшы жабдылган, коргоо иштери жогорку деңгээлде уюшулган; жалпы аянты 1755 га), Сейшель аралындагы резерваттар.
Ад.: Муромцев А. М. Основные черты гидрологии Индийского океана. Л., 1959; Индийский океан. Л., 1982; Богданов Д. В. Региональная физическая география Мирового океана. Л., 1985; Физическая география материков и океанов / Под ред. А. М. Рябчикова. М., 1988; Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Океаны. М., 1997; Залогин Б. С., Кузминская К. С. Мировой океан. М., 2001. Пущаровский Ю. М. Тектоника Земли. Избр. тр. М., 2005. Т. 2; Тектоника океанов.
Ө. Бараталиев.