ИММИГРАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 19 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИММИГРА́ЦИЯ (лат. immigro – көчүп кирем) – башка өлкөнүн жараны туруктуу же убакты­луу (адатта, «узакка») жашоо үчүн башка бир өлкөгө көчүп келиши. Иммиграция негизинен саясий, экономикалык, диний ж. б. мүнөздөгү себептерден пайда болуп, легалдуу ж-а легалдуу эмес иммиграция болуп бөлүнөт. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында легалдуу иммиграция басымдуулук кылса, учурда легал­дуу эмес иммиграция кескин өстү. Алардын көпчүлүгү – эмгек иммигранттары. Иммигранттардын дагы бир өзгөчө тобун качкындар түзөт. Демократиялык мам­лекеттер өз аймагына белгилүү шарттарга ыла­йык башка өлкөлөрдүн жарандарынын (имми­гранттардын) көчүп келип, туруктуу же убак­тылуу жашап калуусуна же иммигранттарды өлкөдөн көчүрүп айдап жиберүүгө тыюу салуу укуктарына ээ. Дүйнөнүн иммигранттар баруу­чу көпчүлүк өлкөлөрүндө атайын иммиграция­лык квоталар орнотулган. Ушул квоталардын чегинде чет өлкөлүк жарандардын ар жылдык келип туруусу жөнгө салынып турат. Иммиграциянын тарыхы калктын эл өтө жыш жайгашкан ай­мактан сейрек отурукташкан чөлкөмдөргө оош­кону жөнүндө мол материал берет. Иммиграция АКШ, Кана­да, Австралия, Жаңы Зеландия, ТАР, Израиль, Аргентина ж. б. өлкөлөргө иммигранттардын көп келип жайгашышы м-н ошол аймактын экономикалык өнүгүүсүндө чечүүчү ролду ойногон.