ИЛЬИЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 18 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛЬИ́Ч – Чүй облусунун Кемин районундагы кыш­так. Ильич айыл округуна караштуу. Ак-Түз суу­сунун ж-а Бишкек – Ак-Түз автомобиль жолу­нун боюнда, деңиз деңгээлинен 1605 м бийиктикте жай­гашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кемин шаарчасынан 37 км түндүк-чыгыш тарап­та. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 1143 (2022); негизинен мал ж-а дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП иштейт.