ЖУЖАҢДАР
ЖУЖАҢДАР (жоужан, жуаң-жуаң, нирун) – байыркы династиялар тарыхында эскерилген дунху (чыгыш жапайылары) тукумунан тараган көчмөн уруулар. Мындай аталыш алгач жужаң урууларынын экинчи жол башчысы Цзюйлухуэй өзүн «Жоужан» деп атагандан кийин пайда болгон. Байыркы кытай тилинде «жуан» деген иероглиф («сойлоо», «ийрелеңдеп сойлоо») деген түшүнүк берген, натыйжада Түндүк Вэй императору (423–452) Ши-цзу аны «жуанжуан» («курт-кумурска сыяктуу сойлоп жүрүүчү») деген маанидеги сөзгө өзгөрткөн. Бул урууларга тиешелүү жазма маалыматтардын жетишсиздигине байланыштуу алардын ата-теги, келип-чыгышы, майда урууларга таралышы тууралуу бирдиктүү тыянак чыгаруу азырынча мүмкүн эмес. Жужаңдар ар кайсы династиялардын тарыхый булактары ар кандай аталышта берилген; «Вэй-шуда» – жуанжуан, Сун-шу» жана «Лян-шуда» – жуйжуй, «Суй-шуда» – жужу түрүндө кезигет. Ал эми жужаңдардын келип чыгышы боюнча 1) жуйжуйлар мурун гунн урууларынан (кара: Гунндар) болуп, ал учурда датан же тан-тан деп аталышкан 2) Вэй жана Цзин династияларынын тушунда гунндар көптөгөн, ал эмес миңдеген көчмөн уруулардан туруп, ар биринин өзүнчө аты болгон. Алардын бири жуйжуй деп аталган, демек гунндардын бир бутагы. 3) Жуаңжуаңдар – чек аранын арт жагында жашаган ху урууларынын ар кандай аралашмасы. 4) Жуаңжуаңдар – дунху урууларынын тукуму деген көз карашты сунуштап келишкен. «Жоу жан» иероглифи байыркы мезгилде «ниу ниан» болуп окулгандыктан, аны моңголдордун ичиндеги «нирун» уруусуна байланыштырылган учурлар да кездешет. «Жоужан» терминин япон окумуштуусу К. Сиратори моңгол тилиндеги «secen» («чечен, акылман») деген түшүнүк менен байланыштырат. Н. Я. Бичурин боюнча байыркы кытайлык тарыхчылардын түшүнүгүндө гунндар (Могул хандын тукуму) менен дунхулардын (Татар хандын тукуму) түпкү теги бир болгон. Гунн уруулары азыркы Моңголиянын батышынан Тарбагатай тоолоруна чейинки аймактарга ээлик кылып, шанүйүнүн ордосу Хангай тоолорунун этегинде турган. Дунхулар алардын чыгышын мекендеп, ээлиги түндүктөгү Хинган тоо кыркаларына чейин созулган. Бир нече ондогон кылымдар бою алар кээде күч алып, кез-кезде алсырап турушкан ушул эки урууунун (тукум) бири «гунндардан (хунн, сюнн) кийин жужаң, дулга [тукюэ], ойхор [хойху]; ал эми дунхулардан ухуань, сяньби, кидан, муюн жана тобалар» тараган деп эсептелет. В. С. Таскиндин пикиринде жуанжуандар жана ухуан, сяньби, цифу, туфа, шивэй, кумоси, кидан, туюйхундар дунхуларга кирип, булар кийинки моңгол урууларынын байыркы ата-теги болушкан. Сыма Цяндан баштап династиялык тарыхчылар Кытайдын түндүгүндөгү байыркы көчмөн элди сюнндар (гунн), дунху жана сушен деген үч чоң этникалык топко бөлүп карай башташкан. Ушул маалыматтардын негизинде кийинки учурда аларды түрк (гунн), монгол (дунху) жана тунгус (сушен) тилдүүлөргө ажыраткан көз караш кабыл алынган. Дунхуларга моңгол тилдүү ухуан, сяньби, цифу, туфа, шивэй, кумоси, кидан (кара: Кара кытайлар), туйухун жана жуанжуандар кирген. Ушул көз карашка ылайык жужаң урууларынын бир бөлүгү батыш тарапка (Европа) жылып (Паннония), кийин алар аварлар деген аталышка ээ болгон. Батыш Цинь династиясын (385–431) цифулар; Түштүк Лян династиясын (397–414) туфалар; Ляо династиясын (916–1125) кидандар түзгөн деп эсептелет. III кылымдын башында майда ээликтерге бөлүнгөн жужаңдар жалпысынан Түндүк Вей династиясынын кол алдында жүрүп, ал уруунун ичинен Мугулуй деген баатыры чакан кол топтоп, өз алдынча бөлүнүп чыккан. Анын уулу Цзюйлухуэйдин тушунда элинин саны өсүп, жоокерлери көбөйгөн. Жужаңдардын мамлекетин чыныгы түзүүчүсү Шэлун (402-жылдан каган) болуп саналат, анын тушунда атайын мыйзам түрүндөгү аскер эрежеси кабыл алынган. Ал боюнча жоокерлер жүздүктөр (чуан) жана миңдиктерге (цзюн) бөлүнгөн. Көп өтпөй жужаңдар күч алып, алгач Орхон дарыясын мекендеген динлиндерди багындырган жана ал жерге Мумочэн деген бекем чеп курушкан. Шэлундун иниси Хулюй (410–414) енисейлик кыргыздарды багындырып, азыркы Моңголиядагы түрктөр толук баш ийип, натыйжада батышынан Тарим ойдуңу, чыгышынан Түштүк Манжурияны камтыган (Улуу талаа) жужандар кагандыгы түзүлгөн. Жужаңдардын үчүнчү каганы (414–429) Датан башкы душманы Түндүк (Тоба)-Вейди алсыратуу аракетине га киришип, 424-жылы 60 миң аскери менен кол салып, толук жеңе алган эмес. Датан өлгөндөн кийин анын ордуна отурган уулу Ути (429–444) Түндүк Вей менен 435-жылы тынчтык келишимин түзүп, 437-жылы кайра аларга кол салган. 439–443-, 449-, 458-жылдарда жужаңдар түндүк вейликтердин аскеринен орчундуу сокку жеген. 5-кылымдын баш ченинде өлкө бүлгүнгө учурай баштап, экиге бөлүнгөн. Ага карабай динлиндер менен согушун улантып, аларды талкалагандан кийин кайрадан күчтүү өлкөгө айланган. Бирок, ич ара келишпестиктердин натыйжасында жужаңдардын акыркы кагандары Анахуан (Анагуй) менен Поломын Кытайга кетүүгө аргасыз болгон. 521-жылы Анахуан кайрадан өлкө башы болуп, түндүк вейлик мамлекеттердин вассалы катары алым төлөй баштаган. 534-жылы Түндүк Вей мамлекети батыш-чыгыш болуп, экиге бөлүнүшүнө байланыштуу жаңы саясий кырдаал түзүлөт. Натыйжада жужаңдар вассал болуудан баш тартып, Кытайдын чектеш аймактарына кол салган. Чыгыш Вей мамлекети Анахуан менен бирдикте Батыш Вейди талкалоого аракет кылат, бирок батыш вейликтер түрктөргө элчи жиберишет. Түрктөр динлиндер менен биригип, жужаңдарды талкалайт (546), алардын каганы Анахуан өзүн-өзү өлтүргөн (552). Ушул окуялардын натыйжасында Борбордук Азиянын саясий аренасында түрктөрдүн саясий ролу күч алган (кара: Улуу Түрк кагандыгы).
Ад.: Chavannes E. Dokuments sur les Toukiues (Turcs) occidentaux //Сборник трудов Орхонской экспедиции. Т. IV. СПб., 1903; Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. М.; Л., 1950; Гумилёв Л. Н. Древние тюрки, М., 1967; Таскин В. С. Материалы по истории древних кочевых народов группы дунху. М., 1984.