К тамгасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:07, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

К тамгасы , к – кыргыз алфавитиндеги он экин­чи тамга. Латын, кирилл графикасында колдонулат. Адегенде байыркы финикия жазма­сында жаралып, кийин байыркы грек графика­сы аркылуу латын алфавитине, андан кирил­лицага өткөн. Ичке үндүүлөр менен айкалышкан­да жана орус тилинен кабыл алынган сөздөрдө (мисалы: ток, актив) түпчүл к, жоон үндүүлөр менен (а, о, у, ы, аа, оо, уу) айкалышканда артчыл (увулярдуу) каткалаң үнсүз к (кь) жана орус тили аркылуу кабыл алынган сөздөрдө өзүнөн кийин келген жумшак үнсүз ылайыкташкан таңдай­чыл к (мисалы: кюри, кяхта) тыбыштарын туюн­тат. Бул тыбыштар акустика-артикуляциялык жактан бири-биринен айырмаланат.