ИЖЕВСК
ИЖЕ́ВСК (1985–87-жылдарда У с т и н о в) – Удмурт Республикасынын борбору. Россиядагы шаар (1918-жылдан). Иж дарыясы Кама дарыясына куя бериште (40 км жогору) жайгашкан. Калкы 616,2 миң (2025). Темир жол тоому. Машина куруу (жеңил автомобиль, мотоцикл, станок, электр араа, аң уулоодо колдо-

нуучу куралдар, нефть өнөр жайы үчүн жабдуу), кара металлургия (анын ичинде «Ижмаш»), электр-техника, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары, «Ижнефтемаш», «Ижсталь» ААК, радио заводдору иштейт. Төрт ЖОЖ (анын ичинде Удмурт университети), китепканалар (анын ичинде азиздер үчүн), край таануу, көркөм өнөр музейи, 4 театр ж. б. бар. 1760-ж. Ижевский Завод посёлкасы катары негизделген. 1921-жылдан Воткин автономия облусунун, 1934-жылдан Удмурт Республикасынын борбору.