ЗУБКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:53, 8 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗУБКО́В Дмитрий Петрович (1911-жылы туулган, Украи­на, Сумы облусу, Лягин району, Семейкин айылы -- 2006, Ысык-Ата району) – агроном, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976). Улуу Ата Мекен­дик согуштун катышуучусу (1941–45).

Москва облусунун Балашиха шаарындагы Бүткүл союздук айыл чарба институтун бүткөн (1957). 1946-жылы Кант районун­дагы Фрунзе атындагы кант ком­бинатынын башкы агро­ному. Ал 1947-жылы кант кы­зылчасынын ар гектарынан 817 цден түшүм алган. 1959- жылдан Кыргызстан машина сы­ноо станциясынын директо­ру. 1963–67-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. 2 Ленин, 2 Октябрь Революциясы, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.