ЗАМБИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:23, 6 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗА́МБИЯ , З а м б и я Р е с п у б л и к а с ы – Африканын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү мамлекет.

Түндүгүнөн Танзания ж-а Конго Демократиялык Республикасы, батышынан Ангола, түштүгүнөн Намибия, Бот­свана ж-а Зимбабве, чыгышынан Малави, түштүк-чыгышынан Мозамбик м-н чектешет. Аянты 752,6 миң км2. Калкы 11,49 млн (2007). Борбо­ру – Лусака шаары (калкы 2 млндой). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – квача. Административдик-аймактык жактан 9 провинцияга бөлүнөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү

(Таблица кетет)

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү

БУУнун (1964), Ынтымакташтыктын (1964), Африка биримдиги союзунун (1964), Африка сою­зунун (2002), Бейтараптык кыймылынын (1964), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1965), ЭВФтин (1965), Түштүк Африка өнүгүү жамаатташтыгынын (САДК; 1980); Чыгыш ж-а Түштүк Африка жалпы рыногунун (КОМЕСА; 1994), Бүткүл дүйнөлүк соода (1995), Эл аралык олимпия, Эл аралык саламаттык сактоо ж. б. уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Замбия – унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы – президенттик рес­публика. Конституциясы 1996-жылы кабыл алын­ган. Президент (2001-жылдан Л. Мванаваса) өк­мөттү (Министрлер кабинетин) башкарат ж-а өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы команда­чысы да болуп эсептелет. Президент 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлиги бир палаталуу парламент (Улуттук ассамблея) тарабынан ишке ашырылат. Улуттук ассам­блеяга 150 депутат эл тарабынан шайланат, спи­кер ж-а 8 депутат президент тарабынан дайын­далат. Конституцияга ылайык 27 мүчөсү бар Өкүлдөр палатасы да (провинция башчылары) президентке караштуу каада-салт ж-а маданий маселелер б-ча кеңеш берүүчү орган катары эсеп­телет.
Негизги саясий партиялары: Көп партиялуу демократия үчүн кыймыл (1991-жылы негизделген, партиянын президенти – Л. Мванаваса, Улут­тук ассамблеяда 81 орунга ээ), Улуттук өнүгүү бириккен партиясы, Улуттук көз карандысыз­дыктын бириккен партиясы, Демократия ж-а өнүгүү форуму, Мурас партиясы, Патриоттук фронт.

Табияты. Замбиянын аймагын жылга-жыбыттуу бөксө тоолор, платолор ээлейт. Бөксө тоолору түштүктөн түндүктү карай бийиктеп, саванна м-н капталган. Басымдуу бийиктиги 1000–1350 м. Кафуэ, Замбези дарыяларынын өрөөндөрүндө чуңкурчак­тар, оёңдор ж-а саздак жерлер бар. Платодон аралча тоолор (копьестер) ж-а токол тоолор (Му­чинга тоосунун бийиктиги 1893 мге чейин) кө­төрүлөт. Өлкөнүн түндүк-чыгыш чет-жакасында­гы Ньика платосунун тармактарында Замбиянын эң бийик жери – Мванда чокусу (2150 м) жайгаш­кан. Замбия субэкватордук климаттык алкакта жай­гашкан. Майдан августка чейин – салыштыр­малуу серүүн ж-а кургакчыл, августтан ноябрга чейин – ысык ж-а кургак, ноябрдан майга че­йин – жылуу ж-а нымдуу климат өкүм сүрөт. Эң жылуу айынын (октябрь) орточо температурасы 27°С, эң салкын мезгилиники (июль) 15°С. Жыл­дык жаан-чачыны 600–1400 мм. Жаан-чачын­дын 80–90% январдан апрелге чейин жаайт. Дарыялары дээрлик Замбезинин алабына ки­рет; ирилери: Кафуэ, Луангва. Түндүк чек арасын­да Танганьика ж-а Мверу көлдөрү, Зимбабве м-н болгон чек арасында Виктория шаркы­ратмасы (120 м бийиктиктен агып түшөт; Зам-

Виктория шаркыратмасы.


Тү шт ү к Л уа нг ва улуттук паркында­гы миомбо токою.

бези дарыясында) жайгашкан. Кен байлыктарынан эң маанилүүсү жез ж-а кобальт, ошондой эле цинк, кор­гошун, ванадий, кадмий, марганец, таш көмүр казылып алынат. Нымдуу аймактары кызыл латерит, кургакчыл жерлери күрөң-кызгылт, кызгылт-боз топурактуу. Замбиянын аймагынын 1/2 бөлүгүн кургакчыл тропик токою – миомбо, кур­гакчыл аймактарын баобаб, акациялуу саван­на, көл жээктерин папирус бадалдары ээлейт. Миомбо ж-а саванналарды чөп жечү ири ай­банаттардан – африка пили, африка жанышы, керик (2 түрү), антилопа, зебра, жырткычтар­дан – арстан, кабылан, чөө, гиена мекендейт.

Калкынын негизин банту тил тобундагы (бем­ба, тонга, лози, лунда, нгони, луба ж. б.) африка­лыктар (98,7%) түзөт, ошондой эле европалыктар да жашайт. Христиан (негизинен англистер), көбү салт болуп калган жергиликтүү динди тутат. Орточо жыш­тыгы: 1 км2 жерге 15,3 киши. Калктын жашы­нын орточо узактыгы 40 жаш (эркектердики 39,8, аялдардыкы 40,3). Өспүрүмдөр (15 жашка чей­инкилер) 46,3%ти, эмгек курагындагылар (16– 65 жаштагылар) 51,3%ти, 65тен ашкандар 2,4%ти түзөт (2006). Шаар калкы 50%. Ири

Замбиянын борбору – Лусака шаары.

шаарлары: Лусака (калкынын саны 1,4 млн), Китве (416 миң), Ндола (402 миң), Кабве (193 миң), Чингола (148 миң). Экономикалык активдүү калк­тын 85%и айыл чарбасында, 9%и тейлөө чөйрөсүндө, 6%и өнөр жайда эмгектенет.

Тарыхы. Азыркы Замбиянын аймагында эл байырта­дан эле мекендешип, европалыктар келгенге че­йин эле бир катар уруулук бирикмелер болгон. Калкынын этностук курамы Замбези дарыясынын (өлкөнүн азыркы аты ушундан чыккан) жогор­ку агымында жашап ж-а көчүп келишкен аф­рикалыктардын таасири м-н калыптанган. 13- кылымдындын аяк ченинде аймакты португалиялыктар ээлеп алган, 19-кылымдан англиялыктар аларды акы­рындык м-н сүрүп чыгара баштаган. 19-кылымдын аяк ченинен 1924-жылга чейин англиялык «Бритиш Саут Африка компани» монополиясынын бийлиги астында болгон. 1924–64-жылдарда Британиянын про­тектораты, 1953–63-жылдарда Родезия ж-а Ньясаленд колониялык федерациясынын курамына кир­ген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жергиликтүү калк колониялык башкарууга активдүү каршы­лык көрсөтө баштаган. Алгач боштондук кый­мылды Африка улуттук конгресс партиясы, 50- жылдардын аяк ченинен К. Куанда башында тур­ган Улуттук көз каранды эместик үчүн бирик­кен партиясы жетектеген. 1964-жылы 24-октябрда өлкө боштондукка чыгып, Замбия Республикасы жа­рыяланган. 1972-жылы башкаруунун бир партия­луу системасы киргизилген. 1973-жылы Конститу­циясы кабыл алынган. 1990-жылдан Замбияда бир партиялуу системадан көп партиялуу системага өтүү процесси баштал­ган. Ошол эле жылы 17-декабрдан конституция­га бир катар өзгөртүүлөр киргизилип, натый­жада оппозициялык маанайдагы бир нече пар­тия пайда болгон. Алардын ичинен 1991-жылы көп партиялуу демократия үчүн кыймыл партиясы шайлоодо жеңип чыгып, аны жетектеген Ф. Ж. Т. Чилуба Замбия президенти болуп калат. 1996-жылы өлкөнүн жаңы конституциясы кабыл алынган. 1996-жылы президенттик шайлоодо Ф. Ж. Т. Чилуба кайрадан жеңишке жетишкен. 1997-жылы 28-октябрдагы төңкөрүш ийгиликсиз аяктары м-н президент Чилуба өлкөдө өзгөчө абалды жарыялап, оппозиция лидери, экс-пре­зидент Каунда камакка алынат. Бирок, ал 1998-жылы дүйнөлүк коомчулуктун (негизинен аф­рикалык мамлекеттердин) кийлигишүүсү м-н бошотулуп, Жогорку сот тарабынан акталган. Ф. Ж. Т. Чилубанын мындай иш-аракеттери эл аралык коомчулук, ЭВФ ж-а Бүткүл дүйнө­лүк банк тарабынан айыпталып, көптөгөн жар­дам көрсөтүү программаларын каржылоону ток­тотушкан. 2001-жылы өлкөнүн президенти болуп Л. П. Мва­наваса (1948-жылы туулган) шайланган. Ал өлкөдөгү та­таал кырдаалды бир кыйла турукташтырып, өкмөттүн курамына оппозициядагы партиялар­дын мүчөлөрүн да киргизген. 2006-жылы өткөн шайлоодо кайрадан президент болгон.

Экономикасы начар өнүккөн өлкө. ИДПнин көлөмү 11,5 млрд долларды (АКШ, 2006) түзөт; аны киши башына бөлүштүргөндө 1000 доллар­дан туура келет. Андагы айыл чарбасынын үлүшү 19,9%, өнөр жайыныкы 28,9%, тейлөө чөйрөсүнүкү 51,2%. Негизги экспорттук продукциясы – жез; аны казып алуу боюнча дүйнөдө 4-орунда (2006-жылы 600 миң т). Жылына 450 миң тдан ашык жез экс­порттолот. Замбия кобальт казып алуу боюнча дүйнөдө 2-орунду ээлейт; ал жез-кобальт кенташынан ажыратып алынат (жылына 7,8 миң т). Ошондой эле пирит, никель, таш көмүр, аметист, турмалин, аквамарин, изумруд, алмаз ж. б. казылып алы­нат. Электр энергиясына болгон муктажды­гын өз ресурстары м-н толук камсыз кылат. 2004-жылы 9,96 млрд кВт.саат электр энергиясын (негизинен ГЭСтен) өндүргөн. Металлургия (жез­ди эритүү ж-а тазалоо), жеңил, тамак-аш, то­кой, нефть ажыратуу, химия өнөр жылы ишканалары, цемент з-ду иштейт. Автомобиль кураштыруу з-ддору бар; трактор, велосипед чыгарат. А. ч. анча өнүккөн эмес, азык-түлүктү негизинен сырт­тан сатып алат. Аймагынын 7,1%и иштетилет. Жүгөрү, бал камыш, урук үчүн гозо, тамеки, жер жаңгак, буудай, шалы, буурчак, маниок, ак жүгөрү (сорго), күн карама өстүрүлөт. Бакчы­лык өнүккөн. Бодо мал асыралат.


Т. ж-нун жалпы уз. 2173 км. Негизги т. ж-до­ру: Ндола – Кабве – Лусака – Ливингстон, ан­дан ары Зимбабвеге; Ндола – Капири-Мпоши – Мпика – Наконде, андан ары Танзанияга. Ав­томобиль жолунуку 91,4 миң км, а. и. асфальт­талганы 20,1 миң км. Лусака, Ливингстон, Ндо­ла, Мориве ш-нда эл аралык аэропорттор бар. Суу жолунун уз. 2250 км (Танганьика кө­лүн, Замбези, Луапулу д-н кошкондо); негизги

Жез кенташын ка­зып алуу. Коппер­белт провинциясы.


Замбия акчасы.

порту: Мпулунгу (Танганьиканын түш. жээгин­де). Нефть куурунун уз. 771 км (Дар-эс-Салам, Танзания – Ндола, жалпы уз. 1700 км; 2006). Сыртка жез, кобальт, электр энергия чыгарып, сырттан станок, машина ж-а анын тетиктерин, транспорт каражаттарын, жер семирткич, азык­түлүк, кийим, ө. ж. товарларын, химикат, азык­түлүк, мал (тирүүлөй) алат. Негизги соода ше­риктери: Кытай, ТАР, Япония, Улуу Британия, Германия, Түш.-Чыгыш Азия ж-а Ортоңку Чыгыш өлкөлөрү, Швейцария, Конго Демокр.
Респ., Танзания, Зимбабве, Индия.
Өсүмдүк, жаныбарлар дүйнөсү, Виктория шар­кыратмасы, климатынын салыштырмалуу ың­гайлуулугу туристтерди кызыктырат, бирок финансынын тартыштыгынан бул тармак өнүк­көн эмес.

Маданияты

Замбияда калктын 70%и сабаттуу. 1990-жылдан акы төлөп билим алуу киргизил­ген (башталгыч билим берүүдөн тышкары). Мамлекеттик жана жеке мектептер, окуу жайлары аб­дан көп, бирок алар окуу куралдары жана кара­жаттары менен толук жабдылган эмес. Борбор ка­лаа Лусакада Түш. Африкадагы эң ири окуу жай­ларынын бири – Замбия университети (Китва-Нкан шаарындагы филиалы менен) жайгашкан. Лусакада, Ндолада китепканалар, Ливингстондо Улуттук музей бар. 1964-жылдан «Таймс оф Замбия», «Замбия мейл», «Пост» гезиттери англис тилинде, ошондой эле жергиликтүү бемба, тонга жана лози тилдеринде да бир нече гезиттер чыгат. Мамлекеттик телекөрсөтүү (1961- жылдан) жана радиоуктуруу (1939-жылдан) иш­тейт. Өкмөттүк Замбия Кабар агенттиги (ЗАНА) иш жүргүзөт.
Көркөм өнөрү бизидн заманга чейинки 4-миң жылдыкта аскага чегилген сүрөттөрдөн жана петроглифтерден баш­талат. Көбүнчө чөптөн эшилген шоңшогой ча­тырчалуу, камыш түркүктүү тегерек кепелерде турушкан. Жыгачты оюу-чийүү, карапа идиш­терди кооздоо, пальма жалбырактарынан, трост­никтерден буюм өрүү, токуу кеңири тараган. XX кылымдын башынан Замбиянын шаарларында (Луса­ка, Ливингстон, Ндола жана башкалар) кабаттуу үйлөр курула баштаган.
Замбиянын музыкасы – байыртадан эле элдин тур­муш-тиричилигинин ажырагыс бөлүгү. Уруу ак­сакалдарынын менчик музыканттары, оркест­ри, хору жана бийчилери болгон. Калимба (пиа­нино), анын түрлөрү, кылдуу аспаптар жана башкалар таралган. 1939-жылы калале бийчилеринин 1-ан­самбли уюшулган. 1950-жылдары бул бий ансам­бли бүткүл Африкага таанылган.
Азаттыкка чыккандан кийин африка театр жамааты түзүлүп, Гидеон Лумпа, Кеннет Нкха­та сыяктуу улуттук драматург-режиссёрлор өсүп чыккан. 1964-жылы көркөм өнөр трести түзүлгөн.
Ар жылы борбор калаада драма өнөрүнүн фес­тивалы өткөрүлүп турат.

Ад.: Чуваева М. А., Ксенофонтова Н. А. Замбия: Справочник. М., 1996; Страны мира. Справочник / Под. общ. ред. С. В. Лаврова. М., 2006; Замбия // Большая Российская энциклопедия. Т. 10. М., 2009.