ЗАГРЕБ
ЗА́ГРЕБ – Хорватиянын борбор шаары. Сава дарыясындагы порт. Калкы 767,1 миң (2021). Эл аралык аэропорту бар. Каптола ж-а Градца шаарларынын биригишинен пайда болгон. Машина куруунун ири борбору (анын ичинде электр-техника), химия, нефть ажыратуу, текстиль, булгаары-бут кийим, жыгаччылык, полиграфиялык өнөр жай ишканалары иштейт. Илимдер ж-а искусство академиялары, университет, Штросмайер (мурдагы чеберлердин) галереясы, 40тан ашык музей (анын ичинде элдик революция, искусство ж-а кол өнөрчүлүк, археологиялык ж. б.), скульптор И. Мештровичтин үй-музейи бар. Эл аралык ярмаркалар (апрель, октябрь) өткөрүлүп турат. Алгач 1094-жылдан эскерилет. 16-кылымдын ортосунан

Хорватиянын башкы шаары. 1526–1918-ж. Габсбургдардын бийлиги астында болгон. Собор, епископтун резиденциясы (13–15-, 19-кылымдар), чептердин калдыктары (15–16-кылымдар), шаар чептери (13– 18-кылымдар), готика стилиндеги Ыйык Марк чиркөөсү (14–15-кылымдар), барокко (Оршич-Раухов, 18-кылым) ж-а классицизм (Елачичтер сарайы, 18–19-кылымдар) стилиндеги турак жайлар, театр (19-кылымдын аягы, эклектика), биржа (1920) сакталган. Түштүк Загребде заманбап курулмалар курулган.