ЗАВОДСКОЙ
ЗАВОДСКО́Й – Чүй облусунун Москва районундагы кыштак. Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу. Райондун борбору жана темир жол бекети Беловодский кыштагынан 3 км түштүк-батыш тарапта. Деңиз деңгээлинен 720 м бийикте жайгашкан. Кыштак 1959-жылы отурукташкан. Калкы 684 (2025); мал чарбасы менен алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет.