ЖӨЖӨ ЫРЧЫ
ЖӨЖӨ ЫРЧЫ [казакча Шөже Қаржаубайұлы (1808, Көкчө-Тоо облусу, Кызыл-Туу району – 1895, ошол эле жер)] – казак, кыргыз элине кеңири маалым акын. Айтыш өнөрүндө алдына киши салбаган чыгаандыгы, өткүрлүгү, тубаса таланты менен муундан-муунга өтүп, аңыз болуп айтылып калган. Түпкү теги – кыргыз; саруу уруусунун кашкатаман уругунан. Ата-бабасы Таласты жердеген. Ата-энеси 1779–80-жылдарда Абылай хандын кыргыздарга каршы жортуулунда туткундалып кетиптир деген сөз бар. Жөжө ырчы 1880-жылдарда Байтик баатырдын айылына келип, таластык Жаныш акын менен айтышканда: «Мен – саруу, Жаныс – кушчу чала буудан, Байтик эр – экөөмүзгө ара тууган, Арбакка салармын арстан Байтик, Кем көрсөң Шөже агаңды Жаныс куудан», – деп, өзү жөнүндө ачык маалымат берген. Жөжө ырчынын чыгармачылыгы, өмүр таржымалы казак жергесинде, казак фольклорунун жана салттуу ырчылык поэзиянын нугунда калыптанып, өсүп-өнүккөн. Ырчы бала кезинде чечек менен ооруп, эки көздөн ажырап, ары ата-энеден эрте кол жууп, өтө кыйынчылыкта, оор түйшүктө, жакырчылыкта эр жетсе да, чыныгы төкмөлүк таланты, курч сөздүү, өткүр чынчылдыгы менен казак элинен урмат-сый, чоң аброй таап, «булбул» атыккан. Ч. Валиханов 1864-жылы 5-мартта Омск шаарында Жөжөнүн өз оозунан «Козу Көрпөш — Баян сулуу» деген дастанды жазып алган жана анын акындык чеберчилигине өтө жогору баа берген. Чыгармачылык багыты боюнча ал айтыш акыны. Жөжө ырчы учурунда Жети-Суу казак, кыргыздарын аралап, эл башкарган мыктыларды, султандарды мактап, туура эмес жагын сындап да жүргөн экен. Бирок анын кыргыз жергесинде ырдаган ырлары жазылып алынган эмес. Акындын ысмы эл арасында белгилүү болгондугуна карабастан, иликтөө иши 1960-жылдары гана башталган. Анын Байтикти мактаганы, кордогону, Жаныш акын менен айтышынын аз гана бөлүгү жазылып алынып, КР УИАнын тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Айтышкандан кийин Жаныш акын аны ээрчитип, ата-бабасы өткөн Талас жергесин эки айча кыдырат, «конушу анда болсо да, көңүлү мында болуп» өмүр бою өксүп келген көңүл бөксөсүн толтурат. Жаныш да залкар акын менен айтышуудан зор каниет алып, анын чыгармачылыгынын гүлдөгөн учуру катары баалап, эскерчү экен. Тагдырдын буйругу менен эки элге бирдей таандык акын болгон. Жөжө ырчы «Оторкан» аттуу эски жомокту да айтуучу экен.
Ад.: Исмаилов Е. Акындар. Алматы, 1956; Айтыс. I том. Алматы, 1965; Валиханов Ч. Ч. Собр. соч. в 5 т. Т. 1. А.-А., 1984.
Б. Кебекова.