ЖЭЭК (Ысык-Ата районундагы кыш­так)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:42, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЭЭК – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыш­так. Жээк айыл аймагына караштуу. Ысык-Ата суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 800 м бийик­те жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бе­кети Кант шаарынан 7 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштактын түндүгүнөн Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1916-жылы негизделген. Калкы 1203 (2025); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар. Колхоздоштуруу мез­гилинде баатырларча курман болгон, ушул кыш­такта туулган каарман пионер Кычан Жакы­повго эстелик тургузулган жана мектепте музейи уюштурулган.