ИРЛАНД ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:51, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРЛА́НД ТИЛИирланддардын тили. Ирлан­дия мамлекетинин расмий эки тилинин бири. Улуу Британияда, Түндүк Ирландияга да тарал­ган. Кельт тилдеринин гойдель тобуна кирет. Жазмасы латын алфавитинин негизинде (7-кылым). Ирланд тилинин тарыхы төрт мезгилге бөлүнөт: 1) байыр­кы, башкача айтканда огам мезгилине (4-кылымда башталган) огам жазуусу менен жазылган байыркы ирланд жазуу эстеликтери таандык; 2) байыркы ирланд мез­гилинде (6-кылымдын ортосунан, 5-кылымдын аягы, 6-к­ылымдын башында түзүлгөн латын графикасынын не­гизиндеги жазуу пайдаланылган; 3) ортоңку ирланд (11-кылымдандан баштап), мезгилинде байыр­кы ирланд жазуу эстеликтери менен катар көп­төгөн адабий эстеликтер жаралган. 4) жаңы ирланд мезгили (13-кылымдан башталган). Ирланд тилинин мунстер, коннахт, ольстер, лейнстер (20-кылымдын башында эле жоголуп кеткен) деген 4 диалекти белгилүү.