ЖЫЛУУ-БУЛАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:15, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУ-БУЛАК – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Чоң-Таш айыл аймагына ка­раштуу. Түп өрөөнүнүн түндүгүндө, Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 1730 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбо­ру Түп кыштагынан 26 км чы­гыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 217 км. Калкы 1874 (2025); негизи­нен мал чарбасы менен алек­тенет. Негизги мектеп, мед­пункт, китепкана бар.