ЖЫЛАН-АРЫК
ЖЫЛАН-АРЫК , П и о н е р (Кайкалак) – Нарын районундагы кыштак. Учкун айыл аймагына караштуу. Нарын дарыясынын сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1700 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 75 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 244 км. Кыштак 1924-жылы негизделген. Калкы 1123 (2025); негизинен фермер чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, мончо, ФАП, дарыкана бар. Соода түйүндөрү иштейт.