ЖУУКУ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:32, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУУКУ ТООСУ – Тескей Ала-Тоонун түндүк тар­магы. Жууку жана Барскоон сууларынын аралы­гында 35–38 кмге созулуп жатат. Туурасы 15–17 км. Орточо бийиктиги 3900–4300 м, эң бийик жери 4671 м. Кыры аска-зоокалуу жана мөңгүлүү, түндүк капталы Ысык-Көл өрөөнүн көздөй тигирээк түшөт; Чоң жана Кичи Жаргылчак, Ак-Терек, Чычкан сууларынын өрөөндөрүндө терең кап­чыгайлар бар. Түштүк-чыгыш капталы Жууку кап­чыгайына тик түшөт. Тоо негизинен соңку ри­фейдин гранит-диорит, порфирит жана гнейстүү диорит интрузия тектеринен түзүлгөн. Тоонун түндүк капталына шалбаалуу талаа (2300–2400 м бийиктикке чейин), шалбаалуу токой (карагай; 2400–2800 м), субальп жана альп шалбаасы, шал­баалуу талаа (2900–3300 м), андан жогору би­йик тоо тундрасы, талаа жана гляциалдык-ни­валдык, түштүк капталына негизинен шалбаалуу токой, субальп жана альп шалбаалуу талаа ланд­шафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; токой чар­басы бар.