ЖОЛ-КОЛОТ
ЖОЛ-КОЛОТ – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Алтын-Арашан айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1800 м бийикте жайгашып, райондун борбору – Каракол шаарына түштүгүнөн канатташ жатат. Балыкчы темир жол бекетинен 225 км. Калкы 3018 (2025); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.