ЖИГИТОВ
ЖИГИТОВ Салижан (17. 3. 1936, Ош облусу, Өзгөн району, Көлдүк айылы – 11. 2. 2006, Бишкек) – адабиятчы, акын, энциклопедиячы жана коомдук ишмер, филология илимдеринин доктору (1992),

КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1994), профессор (1999), Кыргыз эл жазуучусу (2005). КМУнун филология факультетин (1959), Кыргыз ССР ИАнын аспирантурасын (1965) бүтүргөн. Эмгек жолун 1959-ж. мектепте мугалимдиктен баштаган. 1961–62-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тил жана адабият институтунда кенже ил. кызматкер, сектор башчысы, 1966–73-жылдарда КМУнун окутуучусу, 1974–78-жылдарда Кыргыз совет энциклопедиясында башкы редактордун орун басары, 1978–92-жылдарда кайрадан тил жана адабият институтунда сектор башчысы, 1992–93-жылдарда КРдин Президентинин кеңешчиси, 1993-жылы КРдин Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, 1996–2000-жылдарда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин проректору, 2000-жылдан коомдук институттун директору болуп иштеген. Алгачкы ырлары, сын макалалары 1950-жылдары чыга баштаган. Ырлары сезимталдыгы, ачык-айрымдыгы менен өзгөчөлөнөт. Ал көркөм пародиянын да чебери болгон. 1971-жылы «Ыймандай сырым менин» аттуу алгачкы ыр жыйнагы жарык көргөн. «Ырлар жана жылдар» (1972), «Жаңычылык жолунда» (1975), «Көркөм сөз маселелери» (1982), «Кечээкинин сабактары, бүгүнкүнүн талаптары» (1990) адабий сын макалалар жыйнактары бар. «20-жылдардагы кыргыз адабияты» (1994), «Обретение новых традиций» (1994), «Акындын экинчи өмүрү» (1998) монографияларында кыргыз жазма адабиятынын жаралуу, калыптануу жана өнүгүү маселелерин, фольклор менен адабияттын карым-катышын, көркөм адабияттын коомдук турмуштагы ордун, поэзиядагы салттык жана жаңы көрүнүштөрдү, ошондой эле бир катар кыргыз акын, жазуучуларынын (А. Осмонов, С. Карачев, К. Тыныстанов ж. б.) чыгармачылыгын изилдеп, калыс баа берген. Жигитов кыргыз элинин тарыхындагы алгачкы көп томдуу улуттук-универсал энциклопедияны чыгарууга, энциклопедиялык стилдин калыптанышына зор эмгек сиңирген. Өткөөл мезгилдеги өлкөнүн коомдук-саясий турмушунун орчун маселелери жөнүндө макалаларды, ошону менен катар адабият тарыхын жаңыча талдап-түшүнүүгө арналган бир нече эмгек жазган. «Күн тууду» («Ит икаясы») повестинин автору. Ал А. де Сент-Экзюпери, Н. Хикмет, М. Каримдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Ад.: Жумабаев И. Салижан Жигитов // Кыргыз адабият таануу илими жана сыны. 2 томдук. Т. 2. Б., 2005.
И. Жумабаев.