ЖЕТИ-СУУ АЛА-ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:52, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-СУУ АЛА-ТООСУ, Жуңгар Ала -Тоосу (XIX кылымдын экинчи жарымындагы айрым орус маалыматтарында Кичи Ала-Тоо түрүндө кезигет) – Орто Азиядагы тоо тармагы. Ала-Көл менен Иле дарыяларынын аралыгында. Негизинен Казак­стандын түштүк-чыгышында, бир аз бөлүгү Кы­тайда. Түштүк-батыштан түндүк-чыгышка карай 450 кмге созулат. Бири-бирине жарыш жаткан бир нече кырка тоодон (Кара-Тоо, Баскан-Тоо, Токсонбай, Бээжин-Тоо ж. б.) турат. Эң бийик жери 4464 м (Беш-Баскан чокусу). Геострукту­расы герцин бүктөмүндө пайда болгон. Рельефи негизинен кайнозойдо калыптанып, кырка тоолор менен тоо аралык ойдуңдар айкалышып жатат. Жапыз, орто бийик калдык тоо массив­дери басымдуулук кылып, баскычтуу рельефти пайда кылат. Негизинен сланец, акиташ теги, кумдук (түндүгү), жанар тоо тектеринен (түштү­гү) жана кристаллдуу тектерден (борбордук бөлүгү) ту­рат. Полиметалл кени (Текели); минералдуу ысык булактары (Капал-Арасан ж. б.) бар. Мөң­гүлөрдүн жалпы аянты 1120 км2; ирилери түндүк капталдарында. Анын төмөнкү бөлүгүнө жа­рым чөл жана талаа, 1200 м бийиктиктен жого­ру (түндүк капталында) шалбаалуу токой, 2600 мден жогору субальп жана альп шалбаасы мү­нөздүү.

Ад.: Серебрянников А. Г. Туркестанский край. Сборник материалов для истории его завоевания. 1851 и 1852 гг. Таш., 1915.