ЖЕРДИН КАБЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:44, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРДИН КАБЫГЫ, г е о г р а ф и я л ы к к а б ы к – Жердин бири-бирине өз ара таасир этип турган атмосферанын төмөнкү, литосферанын үстүнкү катмарларын, гидросфераны жана био­сфераны камтыган кабыгы. Ага биосфера жана гидросфера бүт, литосферанын гипергенез облу­су, атмосферанын стратопаузага чейинки катмары ки­рет. Калыңдыгы 40 кмге жетет. Географиялык кабык­тын бирдиктүүлүгүнө кургактык, атмосфера, Дүйнөлүк океан жана организмдердин ортосундагы зат менен энергиянын үзгүлтүксүз алмашып турушу себеп­кер. Андагы табигый кубулуштар Күндүн жана Жердин ички энергиясына байланыштуу.