ЖЕРГИЛИКТҮҮ УБАКЫТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:40, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРГИЛИКТҮҮ УБАКЫТ – Жер шарынын бел­гилүү бир оруну (аймагы) үчүн аныкталган уба­кыт. Ал жылдыз убакыты (астрометрияда), чыныгы күн убакыты, орточо күн убакыты болуп айырмаланат. Жергиликтүү убакыт ошол жердин географиялык узун­дугуна байланыштуу жана меридиандын бардык чекиттеринде бирдей болот. Эки башка жердин жергиликтүү убакытынын айырмасы ошол жердеги меридиан­дардын айырмасы менен өлчөнөт. Жергиликтүү убакыт ошол жер­деги астрономиялык байкоолордун негизинде (Күн саат­тары аркылуу) аныкталат. Жергиликтүү убакыт мурда тири­чиликте кеңири колдонулса, 19-кылымдан баштап көпчүлүк өлкөлөрдө алкак убактысы менен алмаш­тырыла баштаган.