ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:16, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ – Атлантика океанын­дагы ички деңиз. Евразия менен Африканын ара­лыгында жайгашкан. Атлантика океаны менен Гибралтар кысыгы аркылуу туташат. Испания, Франция, Италия, Монако, Мальта, Сербия жана Черногория, Словения, Босния жана Герце­говина, Хорватия, Албания, Грекия, Түркия, Кипр Республикасы, Сирия, Ливан, Палестина, Израиль, Египет, Ливия, Тунис, Алжир, Марок­конун жээктерин чулгап жатат. Кара деңизге Мрамор деңизи, Дарданелл, Босфор кысыкта­ры, Кызыл деңизге Суэц каналы аркылуу тута­шат. Аянты 2,5 млн км2. Суусунун көлөмү 3839

Липари аралдар тобундагы Вулькано аралы.

миң км3. Орточо тереңдиги 1541 м, эң терең жери 5121м. Тоолуу жээктери негизинен абразиялык, түзөңдөлгөн; жапыз жээктери – лагуна-лиман жана дельта, Адриа деңизинин чыгыш жээкте­ри – дальмация тибинде. Ири жарым аралдар жана аралдар менен бөлүнгөн деңиздери: Альборан, Балеар, Лигурия, Тиррен, Адрия, Иония, Эгей, Кипр. Жер ортолук деңиздин алабына, ошондой эле Мрамор, Кара жана Азов деңиздери кирет. Ири булуңдары: Ва­ленсия, Лион, Генуя, Таранто, Сидра (Чоң Сирт), Габес (Кичи Сирт). Ири аралдары: Балеар, Кор­сика, Сардиния, Сицилия, Крит, Кипр. Деңизге Эбро, Рона, По, Нил сыяктуу ири дарыялар куят. Жер ортолук деңиздин таманынын рельефи татаал, анткени ал альп геосинклиналдык тутумунда жайгашкан. Анда тереңдиги 2000–4000 м бол­гон бир нече чуңкурдукка бөлүнөт; материктик капталдары салыштырмалуу тик. Чуңкурдук­тарды жээктей кууш шельф тилкеси созулуп жатат. Шельф Тунис менен Сицилиянын аралы­гында, ошондой эле Адриа деңизинде гана кеңийт. Жер ортолук деңизге кышы нымдуу, жумшак, жайы кур­гакчыл, ысык субтропиктик жер ортолук деңиз тибиндеги климат мүнөздүү. Азор антицикло­нунун таасиринен түндүк-батыш шамалы үстөмдүк кылат. Кышында циклондук процесстердин та­асиринен шамал өтө катуу согот. Айрым жери­не төмөнкү жергиликтүү шамалдар мүнөздүү: этезия – түндүктөн соккон туруктуу шамал (деңиздин чы­гыш бөлүгүндө); мистраль – түндүктөн соккон муздак катуу шамал (Лион булуңунда); бора – түндүк-чыгыштан өтө катуу соккон муздак шамал; сирокко – түштүктөн соккон жылуу шамал (де­ңиздин түштүк бөлүгүнө, Эгей жана Адриа деңизде­ринин жээктерине мүнөздүү). Абанын январда­гы орточо температурасы деңиздин түштүк жээктеринде 14–16°Сден түндүгүндө 7–10°Сге чейин, август­та – түндүгүндө 22–24°С, түштүгүндө 25–30°С. Де­ңиз бетинин буулануусу 1250 мм (3130 км3). Аба­нын нымдуулугу жайында 50–65%тен кышын­да 65–80%ке чейин өзгөрөт. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 400 ммдей (1000 км3дей); ал түндүк-батышында 1100–1300 ммден түштүк-чыгы­шында 50–100 ммге чейин; минимуму июль–­августта, максимуму – декабрда байкалат. За­кымдын болушу да мүмкүн, айрыкча Мессина кысыгында көбүрөөк байкалат (фата-моргана де­ген ат менен). Гидрологиялык режиминин калыптануусун­да климаттык фактордун жана Атлантика океа­ны чектеш деңиздер менен суу алмашуусунун маа­ниси зор. Суу алмашуу маалында Жер ортолук деңизге сырттан кирген суу деңиздин үстүңкү, ал эми сыртка чыккан суу астынкы катмары менен агып өтөт. Суусунун кирүү өлчөмү басымдуу бөлүгүндө 0,1–0,5 мди, ал эми Тунистин чыгыш жээкте­ринде 1,7 мди түзөт. Деңгээлинин тартылуу-таш­кындоодон өзгөрүүсү зор өлчөмгө жетет (Корси­канын жээктеринде 3,5 м). Кысыктарда өтө ка­туу ташкын-тартылуу агымдары пайда болот. Деңиздин үстүңкү катмарындагы туруктуу үс­түңкү агымдар жээктей агып, циклондук туюк айлампаны пайда кылат. Жер ортолук деңиздин айрым бөлүктөрүндө (батыш четинде, Тиррен, Адрия, Эгей деңиздеринде) өз алдынча циклондук ай­лампалар пайда болот. Бийиктиги 7–8 мге жет­кен катуу толкундар кышында байкалат. Суу­сунун тунуктугу Сириянын жээктеринде 60 мге жетет. Деңиздин ачык мейкиндигинде суунун өңү өтө көгүлтүр. Үстүңкү катмардагы суунун температурасы деңиздин чыгыш бөлүгүндө февралда 17°С, августта 27–30°С. Түндүктү жана чыгышты карай суунун температурасы Адрия деңизинде фев­ралда 7°Сге, августта Лион булуңунда 20°Сге чейин төмөндөйт. Туздуулугу батышында 36‰ден, чыгышында 39,5‰ге чейин. Суунун тыгыздыгы 1025тен (Гибралтар кысыгында) 1029га чейин (Эгей деңизинин түштүк-чыгыш бөлүгүндө). Тереңдиктеги суунун температурасы 12,9–13,8°С, туздуулугу 38,37–38,66‰. Балык (сардина, тунец, скумбрия ж. б.) кармалат. Шельфинде (Адрия деңизинин түндүк бөлүгү, Эгей деңизи) нефть жана газ казып алынат. Жер ортолук деңиз аркылуу Европаны Африка, Түштүк жана Чыгыш Азия өлкөлөрү, Австралия, КМШ өлкөлөрүнүн порттору менен байланыштыруучу маанилүү де­ңиз жолу өтөт. Ири порттору: Барселона (Испа­ния), Марсель (Франция), Генуя, Неаполь, Венеция, Триест (Италия), Риека (Хорватия), Пирей жана Салоники (Грекия), Бейрут (Ливан), Александрия, Потр-Саид (Египет), Триполи (Ли­вия), Алжир (Алжир). Франция менен Италияда­гы Көгүлтүр жээктеги (Ривьера), Испаниядагы, Монакодогу, Балеар аралындагы, Балкан жарым аралында­гы өлкөлөрдүн Динара тайпак тоосу жак жээ­гиндеги жана башка курорттору белгилүү.

Ад.: Грацианский А. Н. Природа Средиземноморья. М., 1971; Циргоффер А. Атлантический океан и его моря / Пер. с польск. М., 1975; Богданов Д. В. Регио­нальная физическая география Мирового океана. Л., 1985; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004.

Ө. Бараталиев.