ЖЕР КЫРТЫШЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР КЫРТЫШЫ – Жердин «катуу» бөлүгүнүн үстүнкү катмары, мантия менен Мохоровичич (Мохо) чеги аркылуу чектешет. Калыңдыгы океан түбүндө 5 км, материктин астында 75 кмге жетет. Кон­тиненттик жана океандык, ошондой эле өтмө – субкон­тиненттик жана субокеандык жер кыртыштарына бө­лүнөт. Континенттик жер кыртышы чөкмө, гранит жана базальт катмарларынан турат; орточо калыңды­гы 35–45 км, эң калың жери 75 км (тоо астын­да) болот. Океандык кыртыш континенттик кыртыштан гранит катмарынын жоктугу жана кыртыштын жукалыгы (5 кмден 10 кмге че­йин) менен айырмаланат. Жер кыртышы изостазиялык тең салмактуулук абалына жакын. Жер кыртышында дайы­ма тектоникалык кыймыл болуп турат. Түзүлүшү боюнча

Жердин толук чыңа­луу вектору жана анын координата боюнча тү­зүүчүлөрү.

ал кыймылдуу – геосинклиналь жана кыймыл­сыз – платформа аймактарына бөлүнөт, к. Жер.