ЖЕР БЕТИ
ЖЕР БЕТИ – жердин жылуулук жана ным алмашуу процесстери аркылуу атмосфера менен өз ара байланышкан үстүңкү бети (топурак, өсүмдүк, кар, суу, муз). Жер бети ар түрдүү түзүлүштө (мисалы, кургактык менен суу мейкиндигинин, тоолор менен түздүктөрдүн) болушу аба ырайына жана климатка зор таасирин тийгизет; ал эми Күн нурунун энергиясынын жер бети боюнча ар түрдүү өлчөмдө сиңирилиши, чыгымдалышы жана топтолушу атмосферанын жалпы циркуляциясына таасирин тийгизип, атмосфералык циркуляциянын жергиликтүү өзгөчөлүгүн аныктайт.