КАКМАЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:33, 9 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАКМАЧЫ – мергенчиликте, аңчылыкта жа­пайы жандыктарды үркүтүп айдоочу киши. Ал корунуп жатып алган кайберенди же илбээсин­ди кыйкырык, ызы-чуу, кээде итти (тайганды) айдактоо менен тосотто акмалап жаткан мергенчилерге карай сүрүп берет. Шарт боюнча какмачы мерген­чиликтин олжосунан өз үлүшүн алган. Аны жан­дооч, айдооч (айдакчы) деп дагы аташат.