КАЙЫН ЖЕЗДЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:28, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫН ЖЕЗДЕ – жубайлардын бир тууган жана бир нече ата өткөн эжелеринин күйөөсү. Ар кандай кырдаалдарда кайрылганда, айтууга оң­тойлотуп «кайын» деген сөздү кошпой эле «жез­де» деп атай беришет. Келиндер кайнежесине жүгүнгөндөй эле жүгүнөт жана тергейт. Жигит болсо кайын эжесинин күйөөсүн «жезде» деп да айтат, бирок көпчүлүгү бажа деп атап, тең ата болушат.