КАЙЧЫ КУДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЧЫ КУДА – бири-биринен кыз алышып, кыз беришүү салты. Кыздын төркүндөрү анын кайын жагынан кыз алган, ошондой эле эже-сиң­дилер, алысыраак даражадагы туушкандардын кыздары менен да алмашкан. Кудалар жакын­дыгын бекемдөө, үйлөнүү тоюна материалдык чыгымды, калың төлөөнү азайтуу же жокко чыгаруу үчүн да кайчы куда болушкан. Кайчы куда салты өзбектерде, түркмөндөрдө жана башка элдерде да кез­дешет.