КАЙЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЧЫ – бири-бирине кайчылашкан эки жаа­гы менен бир нерсе кесүү, кыркуу үчүн колдонулуу­чу аспап. Кайчынын ички бети миздүү, сап жагын­да бармак менен сөөмөй кирүүчү кармооч көзөнөгү бар. Жаактары бири-бирине бурама менен кый­мылдуу бекитилет. Кайчы үй тиричилигинде ар кан­дай нерселерди кесүү, кыркуу жана башка максатта керектелет. Малдын жүнүн кыркуучу кайчы жуушаң деп аталат.