КАЙНЕЖЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:19, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙНЕЖЕ , к а й ы н э ж е – жубайлардын бир тууган, аталаш, энелеш жана төрт-беш ата өткөн эжелери бириники бирине кайнеже болот. Ай­тууга жеңилдетип, «кайын» деген сөзүн таштап эле «эже» деп атай беришет. Келин кайнежесин жана анын күйөөсүн тергейт, аларга жүгүнөт. Жигит кайнежесин эже, анын күйөөсүн жезде же бажа деп, каалаганындай атай берет.