ЖЕНЕВА КӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:40, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕНЕ́ВА КӨЛҮ , Л е м а н (кельт тилинде gеnа – чат, дарыя чаты) Швейцария менен Фран­циянын аймагында, Батыш Альп жана Юра тоо­лорунун аралыгындагы өрөөндө деңиз деңгээлинен 372 м бийикте жайгашкан. Аянты 582 км2, узундугу 72 км, тереңдиги 310 мге чейин. Жээгинин көп бөлүгү бийик, тик. Женева көлү аркылуу Рона дарыясы агып өтөт. Кеме жүрөт. Жээгинде Женева, Лозанна шаарлары (Швейцария) орун алган. Климаттык жана баль­неологиялык курорттору: Веве, Монтрё (Швейцария), Эвьян-ле-Бен (Франция) жана башкалар,туризм өнүккөн.