ИКОНОГРАФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:38, 18 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИКОНОГРА́ФИЯ (икона жана ...графия) – 1) кан­дайдыр бир сюжеттин же адамдын сүрөткө тартылышын системалуу изилдөө жана сыпат­тап жазуу, ошол изилденген сүрөттүн маани­син, символикасын, атрибуттарын түшүндүрүү; 2) белгилүү бир сюжетти жана адамды сүрөткө тартуунун канондошкон эрежелери. Орто кылым­да диний темада тарткан сүрөтчү иконографиялык үлгүлөр­дү айныбай ээрчүүгө милдеттүү болгон.

Ад.: Уваров А. С. Христианская символика. СПб., 2001.