ИКОНА ТАРТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 18 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИКО́НА ТАРТУУ , и к о н о п и с ь (икона жана орусча писать – жазуу, тартуу дегенден) – хрис­тиан дининдеги калктардын орто кылым искусство­сунда өөрчүгөн станоктук живописинин диний багыттагы бир тармагы. Икона тартуу православие дини өкүм сүргөн өлкөлөрдө айрыкча көп тараган. Иконалар дайыма чиркөөнүн көзөмөлү менен, ико­нография эрежелери боюнча тартылган. Ошол се­бептен икона тартууда турмушту аңдап билүүнүн шарт­туу формалары үстөмдүк кылган. Ошентсе да айрым сүрөтчүлөр көркөм чеберчилик жагынан чоң ийгиликтерге жетишкен мыкты чыгарма­лар жарата алышкан. Икона тартуу иудей жана христиан диндеринин өнүгүш процессинде пайда болуп, Византияда жана Россияда өзгөчө өсүп өөрчүгөн.


Ад.: История иконописи. Истоки. Традиции. Сов­ременность: VI–XX вв. М., 2002.