ЗЕҢГИ БАБА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:51, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕҢГИ БАБА – элдик ишенимде уйдун кол­доочу пири, ээси. Диний түшүнүктө Зеңги баба жы­лоологон адамдын уюнун тукуму көбөйүп, бай болот. Бул түшүнүк кыргызга өзбек менен тажик­терден оошуп келген болуу керек. Уламыш боюнча Зергер баба (өзбекче Заңги ата) XIII кылымда Ташкент айма­гында жашаган «олуя» жана уйчумандардын «пири», Орто Азияга белгилүү эшен Арстанбаптын небереси болгон имиш.