ЖАҢЫ-АЛАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:09, 22 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АЛАЙ – Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Жаңы-Алай айыл округунун борбору. Деңиз деңгээлинен 2660 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Гүлчө кышттагынан 125 км түн.-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 25 км. Кыштак 1969-жылы негизделген. Калкы 3156 (2025); неги­зинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, мончо иштейт.