«КАЛЕВИПОЭГ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КАЛЕВИПО́ЭГ» – эстон элинин улуттук эпосу. Элдик уламыштар м-н ырлардын негизинде акын ж-а коомдук ишмер Ф. Крейцвальд түзгөн ж-а 1857–61-жылдарда басып чыгарган. Алгач жыйнаган Ф. Р. Фельман (1798–1850). «Калевипоэгдун» немисче ко­тормосу 1861-жылы жарык көргөн. Эпосто эстон кал­кынын баскынчыларга каршы күрөшү, мекенди сүйүү, орус эли м-н достук мамиледе болуу, про­гресске умтулуу идеялары чагылдырылган. Эпос дүйнөнүн бир топ тилдерине которулган.