КАЛДЫКСЫЗ ТЕХНОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛДЫКСЫЗ ТЕХНОЛО́ГИЯ – өндүрүш таш­тандыларын иштетип, керектүү затты же анын бөлүктөрүн өндүрүүнү камсыз кылган технологиялык процесс. Ал элдин керектөөсүн канааттандыруу үчүн табият ресурстары м-н энергияны өтө үнөмдүү, сарамжалдуу пайдаланууну, ошондой эле ай­лана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуучу билим­ди, ыкмаларды ж-а каражаттарды талап кы­лат. Бул болсо таштандыны аз өлчөмдө же та­кыр чыгарбаган зат м-н камсыз кылуучу жал­пы эле өнөр жай ж-а айыл чарба өндүрүшүнүн экологиялык страте­гиясы болуп саналат. Өнөр жай экологиясына су­нуш кылынган бул үлгү табият экосистемасын элестетиши керек. Бул идея япон экологдору тарабынан экосистемалардын туюк циклдүү өнүгүү этаптарын чагылдырган оригиналдуу схе­ма түрүндө көрсөтүлгөн. Калдыксыз технология төмөнкүлөрдү кам­сыз кылуусу зарыл: сырьёну, энергияны үнөмдөө ж-а айлана-чөйрөнү булгоо деңгээлин төмөндөтүү үчүн пайдаланылган материалдык ресурстарды кайра иштетүү ж. б.