КАЛБА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:54, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛБА (1949-жылга чейин М о л о к е) – Талас районундагы кыштак. Т. Бекмолдоев атындагы айыл округуна караштуу. Калба суусунун боюнда, де­ңиз деңгээлинен 1519 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Талас шаарынан ж-а райондун борбору Көк- Ой кыштагынан 24 км түндүк-чыгыш тарапта. Жам­был темир жол бекетинен (Казакстан) 140 км. Калкы 1827 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Г. Байсабаева туулган.