КАЛАХАРИ
КАЛАХА́РИ (жергиликтүү тилде карри-карри – азап-тозок) – Түштүк Африканын борбордук бөлүгүндөгү табигый аймак; негизинен Ботсвананын, ошондой эле Ангола, Замбия, Намибия, Зимбабве ж-а ТАРдын аймактарында. Геоморфологиялык жактан алап тибиндеги зор ойдуң, аянты 2,5 млн км2. Чыгышынан Дракондун этек тоолору м-н чектешип, батышында тепкичтүү Намибия платосуна акырындап өтөт. Түндүк чек арасы шарттуу түрдө Конго ж-а Замбези дарыяларынын суу бөлгүчү болгон плато, түштүгү Оранж дарыясынын өрөөнү аркылуу өтөт. Кээде «Калахари» деп ойдуңдун эң кургакчыл болгон борбордук ж-а түштүк бөлүктөрү (аянты 0,9 млн км2) гана айтылат. Бийик түздүктөрү (бийиктиги 900–1000 м) плейстоцендин кургакчыл мезгилинде пайда болгон кызгылт ж-а агыш кумдуу дюналар (кум дөбөлөр; бийиктиги түштүгү м-н түш.-батышында 100 мге жетет) м-н капталган. Бардык жеринде таманы жайык чакан оёңчолор, борбордук ж-а түштүк бөлүктөрүндө шортоң жерлер кеңири таралган. Басымдуу бөлүгүнүн климаты тропиктик континенттик, Замбезиден түндүктө субэкватордук. Январдын орточо темпрасы 24–27°С (түштүк-батышында 30°С), июлдуку 12–18°С (түштүк четинде 9°С). Жылдык жаан-чачыны түштүгүндө 150 ммден түндүгүндө 800 ммге чейин. Аймагынын басымдуу бөлүгү (Замбези ж-а Оранж дарыялары агып өткөн түндүк ж-а түштүк четжакаларынан башкасы) ички агымдар алаптарына кирет; мындагы туруктуу аккан жалгыз дарыясы – Окаванго. Замбези дарыясынан түндүктө феррозём топурагында саванна сымал миомбо суйдаң токою, родезия тикасынан турган сейрек токой таралган. Борбордук бөлүгүндө кумдуу кызыл топурактарда чөлдөшкөн саванна, түштүк- батышында кумдуу жарым чөл басымдуу. Калахаринин аймагынын басымдуу бөлүгү жайыт, айрым жерлеринде кен (анын ичинде алмаз ж. б.) казылып алынат. Калахаринин аянтынын 1/5 бөлүгүнүн табияты коргоого алынган; белгилүү улуттук парктары: Галагади (Ботсвана, ТАР), Сентрал-Калахари ж-а Макгадикгади (Ботсвана), Этоша (Намибия).