КАЛАМИН
КАЛАМИ́Н (лат. calamine – сары кен), г а л м е й, г е м и м о р ф и т – цинктин суулуу силикаттар тобуна кирүүчү минералы. Химиялык формуласы Zn4 [Si2O7][OH]2·H2O. Ромб системасында кристаллданат. Өңү-түсү ак, сары, саргыч, жашыл сымал көк, кээде түссүз. Айнектей, кээде алмаздай жалтырайт. Катуулугу Моостун шкаласы боюнча 4,5–5. Салыштырма салмагы 3,5. Каламин коргошун-цинк кендеринин кычкылдануу аймагында смитсонит, лимонит ж. б. м-н бирге пайда болот. Цинктин кени болуп саналат.