КАКТУСТАР
КАКТУСТАР (Cactaceae) – эки үлүштүү өсүмдүктөрдүн тукуму. Көп жылдык чөп, бадал, кээде дарак, бийиктиги 2–5 смден 10–12 мге жетет. Сабагы калың, ширелүү, түрдүү формада (тоголок, жалпак, цилиндр ж. б.), тикенектүү, ал жалбырак милдетин аткарат. Гүлү жалгыздан, кээде чокусунда топ гүлгө чогулган, көбүнчө чоң, ачык түстө. Гүл коргону – чөйчөкчө. Аталыгы көп, мөмөсү – жемиш сымал. Көпчүлүк кактус кечинде же түнкүсүн гүлдөйт. Курт-кумурскалар, куштар, чанда жарганаттар чаңдаштырат. Какутустардын тамыры ондогон мге жетип, жердин тереңинен ным алат. 160тай уруусу, 3000дей түрү Амери-

канын саванна, тропик ж-а субтропигинде, көбүнчө тоо, чөлдөрүндө, Мексикада, эпифит кактус Борбордук ж-а Түштүк Американын жаанчыл тропик токойлорунда таралган, рипсалис деген түрү тропик Африкада кезигет. Кээ бир түрү Австралия, Индия, Жер ортолук деңиз жээгинде, Крым, Кавказда өстүрүлөт. Айрым кактустардын мөмөсү, жаш бутагы, уругу тамак-аш ж-а дары-дармек даярдоо үчүн пайдаланылат. Кыргызстанда айрым түрү кооздук үчүн өстүрүлөт.