КАЙЫРМА-АРЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:06, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫРМА-АРЫК – Ысык-Көл облусунун Ак-Cуу районундагы кыштак. Кереге-Таш айыл округуна караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Ак-Суу ж-а Боз- Учук сууларынын аралыгында, деңиз деңгээлинен 1840 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) кыштагынан 12 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 249 км. Кал­кы 1193 (2009); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.