КАЙЫПОВ Өскөнбай
КАЙЫПОВ Өскөнбай [1911-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Ленин (азыркы Ноокен) району, Бүргөндү айылы – 1987, ошол эле жер] – айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). 1951-жыл-

дан Ош облусунун Ленин районундагы Карл Маркс атындагы колхоздун башкармасы. Ал жетектеген колхоз 1954-ж. 800 га аянттын ар гектарынан 37,3 цден, 1956-ж. 38,3 цден пахта түшүмүн жыйнап алган. Чарбада коомдук малдын саны көбөйүп, кунардуулугу бир кыйла арткан. 1954–58-ж. СССР Жогорку Советинин, 1963–67-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени м-н сыйланган.