КАЙЫПОВ Аалыбай
КАЙЫПОВ Аалыбай (24. 5. 1953-жылы туулган, Нарын облусу, Ат-Башы району, Жаңы-Күч айылы) – генерал-майор (2004). КМДТИни (1975), СССР коопсуздук комитетинин кесипти жогорулатуу жогорку

курстарын (Ташкент, 1980; Москва, 1983; Киев, 1988) бүткөн. 1975–77-жылдарда КМДТИде окутуучу, 1977–95-жылдарда Кыргызстан улуттук коопсуздук комитетинде кызматта, 1995– 96-жылдарда КРдин ички иштер министринин 1-орун басары, 1996–98-жылдарда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, 1998–2000-жылдарда ИИМдин кылмыш издөө башкармалыгынын начальниги, 2000-жылдан КР чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, төрагасы болуп иштеген. Медалдар м-н сыйланган.