КАЙЫҢДЫ-СУУ (КАНЫШ-КЫЯ) ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:18, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢДЫ-СУУ (КАНЫШ-КЫЯ) ЧОПО КЕНИ – Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Ка­ныш-Суунун оң жээгинде, Каныш-Кыя кыш­тагынан 1 км түндүктө, деңиз деңгээлинен 1700 м бийикте. 1983-жылы Чаткал геологиялык экспедициясы чалгында­ган. Кен аймагы төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон. 1,5–4,0 м калыңдыктагы кумайлуу чопо катмарынан «100» маркадагы кыш алууга болот. Запасы В категориясы боюнча 92 миң м3, С – 121 миң м3, В+С – 213 миң м3, С2 – 78 миң м .