КАЙЫҢДЫ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:12, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢДЫ ӨРӨӨНҮ Борбордук Теңир-Тоодо. Эңил­чек, Ат-Жайлоо ж-а Кайыңды кырка тоолору­нун аралыгында чыгыштан батышка 75 кмге созулуп жатат. Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан. Туурасы 5 км. Аянты 599 км2. Эң бийик жери 5420 м. Жапыз жери 2100 м. Рельефи төртүнчүлүк мезгилдин ортоңку бөлү­гүндөгү байыркы мөңгүнүн жылышынан калып­танган тепши сымал (трог), орто жери жайык. Өрөөндүн капталдары кыска, кууш жылгалуу. Азыркы учурда эрозиялык процесстер ургаал­дуу жүрүүдө. Негизинен палеозойдун кристалл­дык ж-а аны жиреп чыккан интрузия тектери­нен турат. Ортоңку бөлүгүндө олигоцен-миоцен­дин кызыл түстүү конгломераттары жер бетине чыгып турат. Климаты континенттик, январ­дын орточо температурасы –16...–17°С, июлдуку 10– 11°С. Жылдык жаан-чачыны 250–300 мм.

Өрөөндүн жогорку бөлүгү.

Өрөөндөгү негизги суунун алабына таандык 73 мөңгүнүн жалпы аянты 158 км2, алардын эң ириси Кайыңды (узундугу 25,8 км, аянты 107,4 км2). Өрөөн аркылуу Кайыңды суусу (куймалары: Ат-Жай­лоо, Карагатты) агат. Тескейине токойлуу шал­баа, субальп, альп ж-а нивалдык-гляциалдык алкактар мүнөздүү. Суу бойлой кайың, ар кыл бадал өсөт. Карагай токою ортоңку бөлүгүндө ж-а Үч-Чат тоолорунун түндүк капталдарында кез­дешет. Кышкы жайыт.