«КАЙЫҢДЫ-КАНТ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:52, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КАЙЫҢДЫ-КАНТ» (Кайыңды кант заводу) – ачык акционердик коом (1995). 1958-жылдан баштап курула баштаган. 1963-жылы алгачкы кант чыгарылган. 1964–67-жылдарда эмгек коллективи түзүлүп, адистер даярдалган, тажрыйба топтол­гон, жабдууларды өздөштүрүү ж-а орнотуу иш­тери жүргүзүлгөн. 1968-жылы завод кант кызылча­сын кайра иштетүүнүн суткалык кубаттуулугун жогорулаткан. Бул жылы ишкананын коллек­тиви кызылчадан кант өндүрүүнү өздөштүрүп, алгачкы 14000 т кант чыгарган. Кызылчаны кайра иштетүүчү жабдууну, анын ичинде өркүндөтүлгөн диффузиондук аппараттарды реконстукциялоо башталган, натыйжада өндүрүмдүүлүк 50%ке жогорулаган. 1971-жылдан өндүрүшкө жаңы техниканы киргизүү боюнча иштер улантылган. 1987-жылы чакмак канттарды таңгактоочу авто­маттар иштей баштаган. Учурда (2009) кумше­кер чыгарууда.