КАЙЫҢДЫ-БУЛАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:16, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢДЫ-БУЛАК – Кара-Кулжа районундагы суу. Алайкуу кырка тоосунун түндүк капталынан башталат. Узундугу 36 км, алабынын аянты 240 км2. Тардын жогорку агымы Алайкууга сол жак­тан куят. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3100 м. Башталышы Кыздар деп аталат. Өрөө­нү карагай токойлуу. Кайыңды-Булакка оң жактан 6 суу куят. Жылдык орточо чыгымы 1,33 м3/сек, эң чоң чыгымы июнь–июлда, эң азы мартта байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Кугай кыштоосу ж-а Кайың-Талаа кыштагы жай­гашкан.