КАЙЫҢ
КАЙЫҢ (Веtulaceae) – жабык уруктуу өсүмдүктөр тукуму. Дарак же бадал. Жалбырагы жөнөкөй, сабакта кезектешип жайгашкан. Бир үйлүү, айрым жыныстуу. Аталык гүлдөрү цилиндр сымал узун сөйкөчө топ гүлгө чогулган. Аталыгы 2–12. Энелик топ гүлү – машактай. Мөмөсү 1 уруктуу, жаңгак же жаңгакча канаттуу. Кайыңдын 150 түрдү бириктирген 6 уруусу, Кыргызстанда 8 түрү белгилүү. Түндүк жарым шардын мелүүн ж-а суук климатына ыңгайланышкан. Жарык жерде жакшы өсүп, кайыңдуу токойду түзөт. Жыгачынан баалуу эмерек жасалат. Жалбырак бүчүрлөрү, ширеси дары-дармек жасоодо пайдаланылат.